Германиянын канцлери: Фицо Жеңиш күнүндө Москвага барганы боюнча сүйлөшүү болот

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Германиянын канцлери Фридрих Мерц Жеңиш күнүнө карата Москвага барган Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо менен бул сапар боюнча сүйлөшүү болорун билдирген.Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бүгүн биз Стокгольмда Европа күнүн белгилеп жатабыз, бул такыр башка нерсе", — деген Мерц 9-майда өткөн маалымат жыйында.
Мерцге Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова жооп берип, совет элинин жеңиши болбогондо эч кандай Европа күнү да болмок эместигин айткан.
"Анда газ камералары бар жалаң концлагерлер гана болмок", — деген Захарова.
Словакиянын премьер-министринин Жеңиш парадына катышуусу европалык саясатчылар арасында нааразычылыкты жаратты. Euractiv порталынын маалыматы боюнча, Европа биримдиги буга чейин эле Словакияны айыл чарба төлөмдөрү боюнча агенттикти каржылоодо көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин эскерткен. Бул өлкөнүн фермерлерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Фицо ЕБ лидерлери Путин менен жолукканына кандай карап жатканын айтып берди