БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Чүйдө баңгизатын сактап жана сатканга шектелген эки киши кармалды.
Облустук милицияга Жаңы-Турмуш айылындагы үйлөрдүн биринде 49 жаштагы Т.К. аттуу киши баңгизат сатат деген маалымат түшкөн. Тартип сакчылар айтылган дарекке барып, үйдөн 2 кг 263 гр марихуана, диний мазмундагы 30 диск, диний бир китеп жана 3 ок табышкан.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөдө Т.К. баңгизатын 57 жаштагы А.А. аттуу адамдан алганын айткан. Андан кийин анын үйүн да тинтишип, 94 грамм гашиш жыттанган белгисиз затты табышкан.
Милиция кармалган эки кишини тең убактылуу кармоочу жайга киргизди.