Аптанын башы жаанчыл болот. 11-майдан 17-майга чейинки аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызгидромет бир аптага карата, тагыраагы, 11-17-майга карата аба ырайынын божомолун таратты.

Анда 11-12-май күндөрү тоолуу райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгү эскертилген.

Мындан тышкары, бул күндөр аралыгындагы жаан-чачынга жана күндүн жылыганына байланыштуу кар көчкү түшүшү ыктымал.
11-12-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 13-майдан 17-майга чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй

11-12-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, түнкүсүн жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 13-майда түнкүсүн да жаан жаап, күндүз күн ачылат. 14-15-майда жана 16-майда түнү жаан-чачын болбойт. 16-17-майда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Талас

11-12-майда Талас облусунун аймагында жаан жаайт. 13-майда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. 14-15-майда күн ачылып, 16-майда күндүз кайра күндүн көзү бузулат. 17-майда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад, Баткен

Аталган облустарда 11-12-13-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бирок 13-майда дыйканчылык аймактарда күн ачык болору белгиленген. 14-15-майда күн ачык болот деп божомолдонгон. 16-майда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-майда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз айрым аймактарда жаан жаайт.

Ысык-Көл жана Нарын

11-12-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 13-майда да жаан-чачындуу аба ырайы уланат. 14-майда түнкүсүн жаан күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 15-16-майда күн ачык болуп, 17-майда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонгон.
Ысык 37 градуска жетет. Май айында күтүлгөн аба ырайы