Апрель окуяларынын катышуучулары Бакиевдерден компенсация алышты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. 2010-жылдагы Апрель окуяларынын катышуучулары Бакиевдерден компенсация алышты. Бул тууралуу соцтармактагы "Айкөл Таза Коом" деп аталган баракча видео жүктөп, билдирүү жазды.

Авторлордун айтымында, Бакиевдер моралдык жана абийир алдында жоопкерчиликти моюнга алып, кун төлөп берели деген сунушун айтып келишкен. Уюмдагы аксакалдар кеңешип, жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алышкан.

"Өткөн өттү, эми жашоону артка кайтара албайбыз, андан көрө жабыркагандарга жардам берели деп кеңештик. Бакиевдерге ишкана ачып бергиле дедик. Алар макул болуп тигүү цехин ачып беришти", — деп айтылат билдирүүдө.

Видеодо Бакиевдер 400 жумуш орундуу тигүү фабрикасын, 320 кишилик жатакана жана 220 балага ылайыкталган бала бакча куруп бергендиги айтылат. Видеодон Садыр Жапаровду да көрүүгө болот, өлкө башчы бул объектиге жаңы "Ош" базарынын курулушун көргөндөн кийин барган. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Жапаров алардын суранычы менен планда жок жерден эле барганын билдирди.

Эске салсак, 2 жыл мурун президент Апрель окуяларында каза болгондордун жакындарына бир гектардан ашык жер бөлүп бергенин билдирген.
Биз алган сабак — адилет башкаруу. Жапаровдун Апрель революциясына карата кайрылуусу