Президенттин жарлыгы менен мамлекеттик турак жай программасын ишке ашырууну жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү өзгөртүүлөр бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан айтышты. кабыл алынган чаралар программанын ачык-айкындуулугун, натыйжалуулугун жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну көздөйт. Анда МИК тарабынан курулган инженердик инфраструктура объекттери эми мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин балансына өткөрүлөт. Бул алардын өз убагында жана сапаттуу тейленишин камсыз кылат. Турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү үчүн жеке өнөктөштөр менен конкурстук жол-жоболорсуз эле МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен түз келишим түзүү механизми киргизилди. Бул кошумча инвестиция тартууга жана долбоорлорду тез ишке ашырууга мүмкүндүк берет. МИКтин карамагындагы турак эмес жайларды түз сатуу мүмкүнчүлүгү каралды. Түшкөн каражаттар турак жай фондун кеңейтүүгө жана курулуштарды каржылоого жумшалат. Сатуулар тууралуу маалыматтар ачык түрдө расмий сайтта жарыяланып турат.
Жеңиш күнү Бишкектеги Русский домдо жана Эркиндик бульварында миңдеген шаар тургундарын бириктирди. Майрамдык программада жалпысынан 33 иш-чара өттү. Сахнага 170 жаш жана белгилүү ырчы-артисттер чыгып өнөр көрсөтүштү. Ошондой эле лекция, көргөзмө, мастер-класс, экскурсия жана кино көрсөтүүлөргө миңден ашуун адам келди.Россотрудничество уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев айткандай, Бишкек мэриясынын колдоосу менен Эркиндик бульварынын бир бөлүгү эки жылдан бери “Жеңиш бульвары” болуп жасалгаланып келет. Ал Жеңиш күнү Кыргызстан менен Россиянын тынчтыкты коргоп калган муундарынын урпактарын бириктирерин баса белгиледи. Сахнада сегиз саат бою согуш жылдарындагы ырлар, тынчтык жана мекен тууралуу чыгармалар жаңырып турду. Көрүүчүлөр үчүн Бишкектеги Русский домдун энелер хору, балдар чыгармачыл топтору, автордук ыр аткаруучулар, романсиада катышуучулары, Игорь Воронцов жана белгилүү артисттер өнөр көрсөтүштү. Көптөгөн коноктор Кызыл аянттагы Жеңиш парадын түз эфирде көрүштү. Ошондой эле жүздөн ашуун адам “Эркиндик — Жеңиш бульвары” аттуу жаңы экскурсиялык маршрутка катышты.
Москвада өткөн Жеңиш парады Батыштын Россияны коркута албай турганын көрсөттү. Бул тууралуу британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис YouTube-каналындагы эфирде айтканын РИА Новости жазды. "Ал америкалыктарды Украинага кысым көрсөтүүгө, ал эми украиналыктарды элдешүү эрежелерин сактоого мажбурлады", — деген эксперт. Аналитиктин айтымында, Жеңиш майрамынын кандай өткөндүгү Россия чынында эле Украинадагы жаңжалдын аякташына жакындап калганын, ага ал өзүнүн шарттары менен бара жатканын көрсөттү. Меркурис бул нерсеге Батыш эч кандай таасир эте албай турганын белгилеген. "Путин сөзүн "Биз сөзсүз жеңебиз" деп жыйынтыктады. Бул кеби жаңжалдагы аскердик жеңиштин жакындап калганын ырастайт", — деген ал. Айта кетсек, ишембиде Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу парад өттү. Кызыл аянт аркылуу аскердик окуу жайлардын жана академиялардын курсанттары, атайын аскердик операциянын катышуучуларынан түзүлгөн параддык бөлүктөр жана Корея Элдик Демократиялык Республикасынын аскер кызматкерлери өтүштү. Параддын соңунда Су-25 чабуул коюучу алты учак асманды Россиянын желегинин түсүнө боеду. Кийин Владимир Путин журналисттерге маалымат жыйын берип, Украинадагы абал боюнча суроолорго жооп берүүдө жаңжал соңуна чыгып баратканын билдирген.