Гитлерчилерге кызмат кылгандардын урпактары элди бийлеп... Жеңишке далысын салгандар

Sputnik
БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Жалпы постсоветтик мейкиндикте бүгүн Жеңиш күнү белгиленип жатат. Бирок бул дата айрымдар үчүн майрам эмес — бир катар мамлекеттерде өлкө саясатын гитлерчилер менен кызматташкандардын урпактары аныктап жатат. Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы инфографика жарыялаган.
Тарыхчылардын маалыматына караганда, согуш жылдары ар кыл коллаборационисттик түзүлүштөрдө (Экинчи дүйнөлүк согуш маалында нацисттик Германия жана анын тарапташтары менен кызматташуу үчүн оккупацияланган өлкөлөрдүн жарандарынан түзүлгөн аскерлештирилген саясий структура — ред.) 1,2 миллионго чейин адам болгон. Буга аймакты басып алып бийлигин орноткондор тарабынан мобилизациялангандар да кирет. Катышкандардын арасында полицайлар, авиаэскадрильянын учкучтары, СС жоокерлеринен тарта кошумча бөлүктөрдүн ашпозчулары менен өтүкчүлөргө чейин бар эле.
Германиянын капитуляциясы. Жеңилүү актысына кол коюлган учурдун видеосу