Төрт жылга созулган апаатка совет эли бир муштумдай түйүлүп туруштук берди. Боору бүтүн бүлө калбаса да кайрат-деми, өжөрлүгү менен Жеңишке жетти. @SputnikLive СССРдин курамына кирген 15 республиканын ат көтөргүс салымы тууралуу видео даярдаган.
Согуш башталган алгачкы мүнөттөрдөн тарта Советтер Союзу душманга каршы турду — фронтко миллиондоп киши жөнөтүлүп, миңдеген өндүрүш иштеп, тонналаган азык-түлүк кан кечкен жоокерлерге ташылып жатты.
Ар бир республика гитлерчилерди талкалоого опол тоодой салым кошкон. Согушка чакырылгандарды тек койгондо да эл завод менен госпиталдарда тыным көрбөй иштеп, ооруктагылар эвакуциялангандардын үй-бүлөсүн кабыл алып жатты.