Жеңиш күнү 1945-жылы кандай белгиленген. Тарыхый видео

Sputnik
БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Бүгүн постсоветтик мейкиндикте Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш белгиленип жатат. Sputnik Ближнее зарубежье каналы бул күн согуш аяктаган 1945-жылы кандай белгиленгенин эске салды.
СССР эли Жеңиш тууралуу 9-май түнү саат 02:10до Бүткүл союздук радионун диктору Юрий Левитандын оозунан уккан.
Саат 21:00дө совет элине Иосиф Сталин кайрылган. Бир сааттан кийин 1000 куралдан 30 артиллериялык залп атылган.
Германиянын капитуляциясы. Жеңилүү актысына кол коюлган учурдун видеосу