БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бүгүнкү күн, Улуу Жеңиш, аталарыбыздын, апаларыбыздын өмүрү менен келген, биз ардагерлер менен оорук эмгекчилерине карыздарбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жеңиш аянтындагы өткөн митинг-реквиемде айтып, кыргызстандыктарды куттуктады.
Өлкө башчысы алардын эмгегин унутпоо жана мекендеги тынчтыкты сактоо ыйык милдет экенин белгилеген.
Жапаров кандуу согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык жөнөтүлгөнүнө токтолуп, бул өлкөнүн ар төртүнчү тургуну экенин айтты.
"Алар Европада, андан кийин Азияда майданда өрт кечип, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына чоң салым кошушкан. 110 миңден ашуун мекендешибиз, Айкөл Манастын урпактары, кийинки муундардын жаркын келечеги үчүн жанын берип, баатырларча курман болушкан", — деди мамлекет башчы.
Президент 150 миңден ашуун кыргызстандык эрдиги үчүн орден жана медалдар менен сыйланганын, 22 жердешибиз Даңк орденинин толук кавалери болсо, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына татыганын эске салды.
Ошондой эле ал согуш жылдарында тылдагылар "Баары фронт үчүн!" деген ураан алдында күнү-түнү талыкпай эмгектенип, кайраттуулугу жана майтарылгыс эрки менен Улуу Жеңишти жакындатышканын белгиледи.
"Алардын Мекенди коргоого кошкон салымы жана көрсөткөн баатырдыгы кийинки муундарга бийик өрнөк. Чындап келсе бүгүнкү бейпил жана эркин жашоо — ошол муундун ченемсиз каармандыгынын натыйжасы. Аталарыбыздын ысымы Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калган", — деди өлкө башчысы.