Согуштан кийин СССР экономикасын кантип калыбына келтирген? Видео

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин СССР талкаланган экономикасын беш жылдын ичинде жолго койгон. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье каналы маалымат берип, видео жарыялады.
Согуш өлкө байлыгынын үчтөн бир бөлүгүн кыйратып жок кылган. Батыштын эксперттери өлкө жылдап туруп каларын боолголоп жаткан маалда совет эли чарбасын беш жылда (1945-1950) калыбына келтирип, экинчи ирет эрдик жасайт. Башкы максат жөн эле калыбына келтирип койбой, согушка чейинки мезгилдеги көрсөткүчтөн ашып түшүү эле.
Октон тракторго. Заводдор жарандык продукция чыгарууга өткөн. Замбирек менен ок-дарынын ордуна локомотивдер, станоктор, комбайндар жасала баштайт. 1948-жылы согушка чейинки деңгээлге жетип, 1950-жылы көрсөткүч 73 пайызга жогорулаган.
Тиричилик. 1947-жылы СССРде акча реформасы жүрүп, карточка системасы жоюлат. Бул согушка катышкан ири мамлекеттердин ичинен биринчи болуп жасалган өзгөрүү эле. Негизги азык-түлүккө баа акырындап түшө баштаган.
Курулуш. Беш жыл аралыгында 6200 чоң имарат курулган, арасында калыбына келтирилгендери да бар. Энергетика жаатында СССР Европада алдыңкы сапка чыгып, шаарларда 100 миллион чарчы метр турак жай колдонууга берилген. Мындан тышкары, 65 чакырымдык темир жол оңдолуп-түзөлгөн.
СССР эч жактан эч кандай насыя албай өзүнүн ресурсуна жана элинин эмгекчилдигине гана таянып, жоктон бар болду. Аталган беш жылдык согуштан жабыркаган адамдардын жүрөгүн эле дарылабастан, келечектеги өзөктүк жана космостук секириктин пайдубалын түптөп берди.
Радио
Мамытов: Улуу Ата Мекендик согушта ленд-лиз жардамынын 15%ы гана СССРге жеткен