БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Ордо калаа Бишкекте "Өчпөс полк" жүрүшү башталды.
Акциянын катышуучулары Түштүк дарбазага чогулуп, Жеңиш аянтына чейин Байтик баатыр/Абдрахманов көчөлөрү менен өтөт.
Учурда коомдук тартипке шаардык милициянын 3 000 кызматкери көз салууда.
Кечээ Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаевден Чүй проспектине чейин жабылары айтылган. Ошондой эле Ибраимов, Фрунзе жана Жумабек көчөлөрүндө да жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги онлайн-репортаж жүргүзүүдө.