Кыргызстан сүт жана каймак экспортун 1,5 эсе көбөйттү

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстан сүт жана каймак экспортун 1,5 эсе көбөйттү. Маалыматты Статистика комитети таратты.
Январь-февраль айларында аталган продукциядан 629 тонна сатылса, былтыр ушул эле мезгилде 427 тонна экспорттолгон.
Негизги сатып алуучу — Казакстан (ЕАЭБ өлкөсү), ошондой эле Өзбекстан да ондогон тонна сатып алды.
Кыргызстандын экспортунун жарымы ЕАЭБ өлкөлөрүнө кетет