Бишкекте согушта колдонулган курал-жарактын көргөзмөсү өтүүдө. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Коргоо министрлиги жана "Евразия" уюму Бишкекте курал-жарак көргөзмөсүн уюштурду.
Иш-чара "Евразия" паркында саат 22:00гө чейин уланып, анда Баатырлар аллеясы 76 бюст-инсталляция менен ачылып, ачык асман алдында курал-жарак музейи жана талаа ашканасы көрсөтүлөт.
Конокторго Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында колдонулган куралдардын түрлөрү көрсөтүлүүдө. Тактап айтканда, 152 мм калибрдеги замбирек, миномёттор, пулемёттор жана башка куралдар коюлган. Күн бою эскерүү иш-чаралары жарманке жана оюн-зоок программалары менен коштолот. Башкы сахнада концерт уюштурулат.
1 / 3

Коргоо министрлиги жана "Евразия" уюму Бишкекте курал-жарак көргөзмөсүн уюштурду

2 / 3

Иш-чара "Евразия" паркында саат 22:00гө чейин уланып, анда Баатырлар аллеясы 76 бюст-инсталляция менен ачылып, ачык асман алдында курал-жарак музейи жана талаа ашканасы көрсөтүлөт

3 / 3

Конокторго Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында колдонулган куралдардын түрлөрү көрсөтүлүүдө

Уюмдун жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү согуш ардагерлерин куттуктап, алардын эрдиги жана Жеңишке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, белек-бечкек тапшырышты. Куттуктоо учурунда Коргоо министрлигинин аскердик оркестри согуштук ырларды аткарды. Ошондой эле Улуттук гвардиянын Ардак кароолу салтанаттуу марш менен жүрдү.
Бишкекте "Өчпөс полк" жүрүшүнө 30 миңдей адам катышты. Видео