БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Каракол шаарында өткөн "Өчпөс полк" жүрүшүндө белгилүү россиялык ырчы Николай Басков Улуу Ата Мекендик согушка катышкан таятасы Николай Еременконун сүрөтүн көтөрүп басты.
Белгилей кетсек, бүгүн россиялык эстрада жылдыздары Караколдо Жеңиш күнүнө арналган концерт беришет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстандын аймагында Жеңиш күнү кантип белгиленип жатканы чагылдырылган онлайн-репортаж жүргүзүүдө.