Улуу Жеңиш мурасы жана жаштардын мекенчил тарбиясы

Sputnik
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгынын жана Улуу Ата Мекендик согуштун башталганына 85 жыл толгон маанилүү датага карата өлкөдө бир катар иш-чаралар уюштурулууда. Анын алкагында Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлер арасында аскердик-спорттук мелдеш өткөрүлүп, жаштардын мекенчилдик духун чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат.
Бул демилге Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана ардагерлер тарабынан көтөрүлүп, жаш муунду тарбиялоодо маанилүү кадам катары бааланууда.
Аталган иш-чара жана Улуу Жеңиштин тарыхый мааниси тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев жана запастагы полковник Бакыт Исаев менен маек курдук. Анда согуштагы эрдиктерди даңазалоо, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана ардагерлердин коомдогу орду тууралуу сөз болду.