Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Арыбаңыздар ардактуу угармандар! Жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар! Алгач кабарлардан кыскача...Владимир Путин кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады Бишкекте "Өчпөс полк" жүрүшүнө 30 миңдей адам катышты Президент Садыр Жапаров Жеңиш аянтындагы өткөн митинг-реквиемде Улуу Жеңиш майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктады. Алдыда кененирээк...Бүгүнкү күн, Улуу Жеңиш, аталарыбыздын, апаларыбыздын өмүрү менен келген, биз ардагерлер менен оорук эмгекчилерине карыздарбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жеңиш аянтындагы өткөн митинг-реквиемде айтып, кыргызстандыктарды куттуктады. Өлкө башчысы алардын эмгегин унутпоо жана мекендеги тынчтыкты сактоо ыйык милдет экенин белгилеген. Жапаров кандуу согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык жөнөтүлгөнүнө токтолуп, бул өлкөнүн ар төртүнчү тургуну экенин айтты. "Алар Европада, андан кийин Азияда майданда өрт кечип, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына чоң салым кошушкан. 110 миңден ашуун мекендешибиз, Айкөл Манастын урпактары, кийинки муундардын жаркын келечеги үчүн жанын берип, баатырларча курман болушкан", — деди мамлекет башчы. Президент 150 миңден ашуун кыргызстандык эрдиги үчүн орден жана медалдар менен сыйланганын, 22 жердешибиз Даңк орденинин толук кавалери болсо, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына татыганын эске салды. Ошондой эле ал согуш жылдарында тылдагылар "Баары фронт үчүн!" деген ураан алдында күнү-түнү талыкпай эмгектенип, кайраттуулугу жана майтарылгыс эрки менен Улуу Жеңишти жакындатышканын белгиледи. "Алардын Мекенди коргоого кошкон салымы жана көрсөткөн баатырдыгы кийинки муундарга бийик өрнөк. Чындап келсе бүгүнкү бейпил жана эркин жашоо — ошол муундун ченемсиз каармандыгынын натыйжасы. Аталарыбыздын ысымы Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калган", — деди өлкө башчысы.
Бишкекте "Өчпөс полк" жүрүшүнө 30 миңдин тегерегиндеги адам катышты. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Акция бүгүн саат 10:00дө башталды. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан бабаларынын сүрөттөрүн көтөргөн жүрүштүн катышуучулары Дайыр Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтына чейин Байтик баатыр/Абдрахманов көчөлөрү аркылуу өтүштү. Мындай акциялар өлкөнүн башка аймактарында дагы уюштурулду.
Караколдогу "Өчпөс полк" жүрүшүнө Николай Басков катышты. Каракол шаарында өткөн "Өчпөс полк" жүрүшүндө белгилүү россиялык ырчы Николай Басков Улуу Ата Мекендик согушка катышкан таятасы Николай Еременконун сүрөтүн көтөрүп басты. Белгилей кетсек, бүгүн россиялык эстрада жылдыздары Караколдо Жеңиш күнүнө арналган концерт беришет.
Владимир Путин кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады Россия Федерациясынын лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады. "Ушул маанилүү күнү биз сансыз курмандыктарга жана кыйынчылыктарга чыдап, нацизмди талкалап, өз жеринин эркиндигин коргоп калган жеңүүчүлөр муунуна — аталарыбызга жана чоң аталарыбызга таазим этип, урмат көрсөтөбүз. Согуштун оор жылдарында бекемделген достук жана өз ара жардамдашуу салтына негизделген Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле мындан ары да өнүгөт деп ишенем", — деди ал. Путин ошондой эле кыргыз жеринде жашап жаткан согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана узун өмүр каалады.