Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Бүгүнкү күн, Улуу Жеңиш аталарыбыздын, апаларыбыздын өмүрү менен келген, биз ардагерлер менен оорук эмгекчилерине карыздарбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жеңиш аянтындагы өткөн митинг-реквиемде айтып, кыргызстандыктарды куттуктады. Өлкө башчысы алардын эмгегин унутпоо жана мекендеги тынчтыкты сактоо ыйык милдет экенин белгилеген. Жапаров кандуу согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык жөнөтүлгөнүнө токтолуп, бул өлкөнүн ар төртүнчү тургуну экенин айтты. "Алар Европада, андан кийин Азияда майданда өрт кечип, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына чоң салым кошушкан. 110 миңден ашуун мекендешибиз, Айкөл Манастын урпактары кийинки муундардын жаркын келечеги үчүн жанын берип, баатырларча курман болушкан", — деди мамлекет башчы. Президент 150 миңден ашуун кыргызстандык эрдиги үчүн орден жана медалдар менен сыйланганын, 22 жердешибиз Даңк орденинин толук кавалери болсо, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына татыганын эске салды. Ошондой эле ал согуш жылдарында тылдагылар "Баары фронт үчүн!" деген ураан алдында күнү-түнү талыкпай эмгектенип, кайраттуулугу жана майтарылгыс эрки менен Улуу Жеңишти жакындатышканын белгиледи. "Алардын Мекенди коргоого кошкон салымы жана көрсөткөн баатырдыгы кийинки муундарга бийик өрнөк. Чындап келсе бүгүнкү бейпил жана эркин жашоо — ошол муундун ченемсиз каармандыгынын натыйжасы. Аталарыбыздын ысымы Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калган", — деди өлкө башчысы.
Ордо калаа Бишкекте "Өчпөс полк" жүрүшү башталды. Акциянын катышуучулары Түштүк дарбазага чогулуп, Жеңиш аянтына чейин Байтик баатыр/Абдрахманов көчөлөрү менен өтөт. Учурда коомдук тартипке шаардык милициянын 3 000 кызматкери көз салууда. Кечээ Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаевден Чүй проспектине чейин жабылары айтылган. Ошондой эле Ибраимов, Фрунзе жана Жумабек көчөлөрүндө да жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Россия Дональд Трамптын жарашууну 9-майдан 11-майга чейин узартуу сунушун кабыл алды. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, чечим Владимир Путин менен америкалык президенттин жакында өткөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн уландысы болуп саналат. Ушаков Трамптын демилгеси Жеңиштин 81 жылдыгына туш келгени өтө маанилүү экенин белгилеп, АКШ согуштук аракеттерди токтото туруу талкууланган маалда Украина менен үзгүлтүксүз байланышта болгонун кошумчалаган. Тараптар миңден туткун алмашуу тууралуу да бир пикирге келишкен. Владимир Зеленский тынчтык режимине макул болгонун билдирип, туткун алмашуу үчүн зарыл нерсенин баарын даярдоого буйрук бергенин маалымдады. Белгилей кетсек, апрелдин соңунда Путин Трамп менен телефондон 1,5 саат сүйлөшүп, 9-Майга карата элдешүү жарыялоого даяр экенин билдирген. Лидерлер европалыктардын шыкагы менен Киев режиминин жетекчиси жаңжалды создуктурууга аракет кылып жатат деген орток пикирге келишти.
Киев менен Евробиримдиктин ортосундагы алака аябай сууп кетти. Бул Украинада атайын аскердик операция башталгандан берки эң төмөнкү көрсөткүч экенин Politico өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды. "Киев менен Брюсселдин мамилеси суук селки тартып баратат. Мынчалыкка жете элек болчубуз", — деген маалымат берген украиналык аткаминер. Гезиттин айтымында, эки тараптуу мамилени Киев режиминин башчысы өзү да татаалдаштырып жатат. "Зеленский европалык лидерлерге акыркы убакта акыл үйрөтө баштады. Быйыл мурдагыдан орой, текебер болуп калганы байкалат", — деп айтылат макалада.