Улуу Ата Мекендик согуш — тарыхтагы эң оор жана ошол эле учурда унутулгус барактардын бири. Бул доор миллиондогон адамдардын тагдырын өзгөртүп, эрдиктин, сабырдуулуктун жана биримдиктин символуна айланган. Бүгүн ошол жылдардын күбөсү болгон баалуу экспонаттар Улуттук тарых музейинин дубалдарында сакталуу. Алар жөн гана эски буюмдар эмес, ар биринин артында адам тагдыры, кайрат жана тарыхый чындык жатат. “Ачык кеп” уктуруусунда биз Улуу Жеңиштин тарыхы, музейдеги экспонаттардын мааниси жана алардын бүгүнкү муун үчүн баалуулугу тууралуу адис менен кенен сөз кылдык. Студиябызда конокто Улуттук тарых музейинин билим берүү, илимий-методикалык иштер жана китепкана бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Самудинов болду.