БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Жекшембиде өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +16...+21, Таласта +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын регионунда +23...+28 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +17...+19, Ош калаасында +27…+29 градуска чейин көтөрүлөт.