БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Эртең, 9-май күнү, борбор калаада өтө турган "Өчпөс полк" жүрүшүнө байланыштуу бир нече көчө убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициясы билдирди.
Маалыматта Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаевден Чүй проспектине чейин жабылары айтылат. Ошондой эле Ибраимов, Фрунзе жана Жумабек көчөлөрүндө да жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Белгилей кетсек, жүрүш саат 9:00дө башталып, Түштүк дарбазадан Жеңиш аянтына чейин Байтик баатыр/Абдрахманов көчөлөрү менен өтөт.