БИШКЕК, 8-май — Sputnik. 10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда катуу жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал экени айтылат.
"Майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат, мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга барбай туруңуздар. Дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алуу кооптуу", — дешти ӨКМден.
Ошондой эле жаан-чачын маалында тоо жолдорунан алыс болуу зарылдыгы белгиленди.