Владимир Путин Садыр Жапаровго Улуу Жеңиштин урматына куттуктоо жолдоду

Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгынын урматына карата куттуктоо жолдоду.
Россия жетекчиси кан майданда арка-бел болуп салгылашкан жана тылда эмгектенген аталарга терең ыраазычылык айтып, урмат көрсөтөрүн белгилеген. Ал нацисттик баскынчыларды жеңүү сан жеткис курмандык жана оор сыноолор менен мүмкүн болгонун айткан.
Куттуктоо каттары Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия жана Түштүк Осетиянын лидерлерине, ошондой эле Грузия менен Молдова элине да жөнөтүлгөн.
РФ элчиси: АКШ администрациясынын Жеңиш күнүнө карата мамилеси өзгөрдү