БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош менен Жалал-Абад облустарынын селден жабыркаган аймактарын кыдырды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Министр Сузак, Аксы, Өзгөн райондору менен Таш-Көмүр жана Манас шаарларында болду. Кырсыктын кесепетин көрүп, жергиликтүү тургундар менен бир катар маселелерди талкуулаган. Натыйжада тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилди:
кооптуу тилкелерде алдын алуу иштерин күчөтүү;
жээктерди бекемдөө;
жашоочулар менен инфраструктураны коргоо боюнча кошумча чараларды көрүү.