БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкекте окуучу жеңил унаа менен жүк ташыган машинаны сүзүп, кырсыктан эки өспүрүм жабыркаганын Кайгуул милициясы билдирди.
Окуя бүгүн саат 05:30дар чамасында болгон. Милициянын маалыматы боюнча, Kia K5 автоунаасын Масалиев көчөсү менен айдап бараткан 7-класстын окуучусу Токтоналиев көчөсү менен кесилишкен жерде солго бурулуп жаткан Hyundai Porter унаасын сүзгөн.
Жеңил машинанын ичиндеги 14 жаштагы кыздын башы жарылып, мурду сынган, учурда реанимацияда. Ал эми 15 жаштагы баланын мээси чайкалган.
Эскпертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.