БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Кара-Балта шаарында жайгашкан "Жунда" заводу учурда заман талабына ылайык жаңыланып, модернизацияланып жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков айтып, соцтармактагы билдирүүлөргө жооп берди.
Желеге аталган заводдогу кытайлык жумушчулар тууралуу видео тараган. Анда автор бул жерде "кытай кыштактары" пайда болгонун айткан.
Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мындай кептер чындыкка дал келбей турганын билдирди.
"Завод учурда заман талабына ылайык жаңыланып, евростандарттагы бензин чыгара турган деңгээлге жетүү үчүн модернизацияланып жатат. Бул иштерге кытайлык адистер жана профессионал жумушчулар тартылган. Заводдун аймагына жакын жердеги бош, каралбай жаткан ангарды убактылуу жашоого ылайыкташтырып, жумушчулар жайгаштырылган. Талаага же мал сарайга жашабайт да?!" — деп жазган ал баракчасына.
Орунбеков Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визалык режим бар экенин эске салган. Кытайдан келген адистер өлкөгө мыйзамдуу келип, келишимдин негизинде иштеп, жумуш аяктагандан кийин кайра кете турганын белгилеген. Ал эми "Кытай өлкөнү басып алды" деген билдирүүлөр чагымчылыкка жатарын эскертти.