Бишкек милициясы Жеңиш күнү өтчү иш-чараларга байланыштуу элге кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкек ШИИБи Жеңиш күнү өтчү иш-чараларга байланыштуу элге кайрылып, тартипти сактоого чакырды.
Маалыматта милиция күчөтүлгөн режимде иштеп, коопсуздукту 3000ден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөй турганы айтылат. Өзгөчө көңүл "Өчпөс полк" жүрүшүнө жасалган. Укук коргоо органдары белгиленген эрежелерди жана милиция кызматкерлеринин талаптарын сактоону өтүнүүдө. Муну менен катар тыюу салынган аракеттерди да тизмектеди:
дрондорду жана башка учуучу аппараттарды уруксатсыз колдонуу;
абадан уруксатсыз тартуу;
курал-жарактарды, кооптуу буюмдарды, пиротехникаларды алып жүрүү;
алкоголдук ичимдиктерди алып кирүү жана колдонуу;
айнек идиштерди колдонуу;
экстремисттик, чагымчыл жана саясий символикаларды колдонуу;
үгүт иштерин жүргүзүү;
коомдук тартипти бузган аракеттер.
Дрондор атайын уруксат менен гана учурулары айтылды. Ал эми талаптар бузулган учурда чара көрүлмөкчү.
Бишкекте Жеңиш күнүнө карата бир топ иш-чаралар өтөт. Тизме