БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Америкалык администрациянын Жеңиш күнү майрамына мамилеси кескин өзгөрдү. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчиси Александр Дарчиев РИА Новостиге билдирди.
"Администрация өкүлдөрүнүн майрамга болгон көз карашы, мамилеси кескин өзгөргөнү ачык байкалды", — деген дипломат тиешелүү суроого жооп берип жатып.
Дарчиев акыркы эки жылда Вашингтондо, ошондой эле элчиликтин аймагында "Өчпөс полк" акциясы өткөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул майрам эки өлкөнүн алакасын калыбына келтирүүгө өбөлгө боло алат.
Бүгүн Россиянын АКШдагы элчилигинде Жеңиш күнүнүн урматына салтанат өткөрүлүп, ага Ак үй менен Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү келишкен.
Ал эми өткөн ишемби күнү Вашингтондо "Өчпөс полктун" жүрүшү өттү. Ага 100дөй киши катышып, арасында россиялыктар да, америкалыктар да болгону айтылды.