БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ишембиде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 26…31, Таласта 23…28, Ысык-Көл чөлкөмүндө 20…25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 28…33, Нарын облусунда 22…27 градус жылуу болот.
Абанын табы Бишкекте 28…30, Ош шаарында 30…32 градуска көтөрүлөт.