Кылымдарды карыткан кыргыз эли кымызды улуттук суусундук катары жогору баалап, желе керип бээ байлап, кымыз жасап келген. Чаңкаганда суусунуңду кандырып, дарылык касиети да болгон кымыз адамдын ден соолугун чыңдап, күч-кубат тартуулайт. “Ачык кеп” программасында Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук ишмер, саяпкер, ат спортунун чебери Кемел Ашыралиев бээнин сүтү, кымыз жана анын пайдалары тууралуу айтып берди.