Кыргызстанда чек арадагы ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү боюнча жаңы нускама кабыл алынганы айтылат. Документ өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыздоого, жаныбарлардын кооптуу жугуштуу ооруларынын жайылышын алдын алууга жана кооптуу продукциялардын киришине бөгөт коюуга багытталган.
Ага ылайык, өткөрмө пункттарында ветеринардык көзөмөлдүн бирдиктүү тартиби киргизилип, жүктөрдү документтик, физикалык жана лабораториялык текшерүү милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда продукцияны кайтаруу, жок кылуу же киргизүүгө тыюу салуу чаралары колдонулат.
Ошондой эле бардык процесстер «Санарип VET» системасы аркылуу катталып, көзөмөлдүн ачыктыгы жана натыйжалуулугу камсыздалат. “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын мейманы Райымбек Авазбек уулу аталган чечим улуттук жол-жоболорду ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирип, өлкөнү эпизоотиялардан жана кооптуу продукциялардан коргоону күчөтүлөрүн билдирди.