Быйыл үчүнчү ирет өтүп жаткан “Жеңиш каттары” элдик долбоору 30-апрелде старт алган. Быйыл аталган иш-чараны Ж. Баласагын атындагы КУУ жана Ж. Абдрахманов атындагы президентке караштуу башкаруу академиясы, 2Монументы победы” уюму менен биргеликте өткөрүшүүдө. Аталган конкурс мектеп окуучулары жана студенттер арасында жүрүп, катышуучулар үй бүлөлүк архивинен же ачык булактардан Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жоокерлердин жазган каттарын окуп, видеого тартып, социалдык тармактагы баракчаларына атайын белгиленген хештегдер менен жайгаштырышы зарыл. Акциянын калыстар тобу аларды 5 номинациянын алкагында баалап, женүүчүлөр атайын сыйлыктарга ээ болушат.
Аталган долбоордун координатору Амантур Манапбаев, мындай долбоорлор жаш муундарды тарыхты таанып, аталардын эрдигин сыйлоого үндөөрүн айтат.Балдар өздөрү эле эмес, үй бүлөсү менен, мектептер класстары менен же атайын түзүлгөн топтор катышып, элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган долбоор тууралуу бүгүнкү “Күн башатта” сөз болот.