Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Өзүнүн турак жайы бар жарандар да мамлекеттик ипотекалык каржылоодон пайдалана алышат. Кеп колдонуудагы үйдү капиталдык оңдоого жана кеңейтүүгө байланыштуу механизмдер тууралуу болууда. Президент мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизген жарлыкка кол койду. Мамлекеттик ипотекалык компанияга жеке өнөктөштөрдү сынаксыз тартууга уруксат берилет. Бул турак жай менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жардам берет МИКке турак жай фондун түзүүгө жардам берген мамлекеттик органдар турак жай каржылоосун алууда артыкчылыкка ээ болот. Квотаны Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңеши аныктайт “Топтомо ипотека” программасынын алкагында жаран мурда банктан баштапкы 30% сумманы топтоп, депозитти кеминде 6 ай кармоого тийиш болчу. Эми керектүү 30 пайыздык сумма даяр болсо, депозитти кеминде 3 айга ачууга болот, бирок акча дароо толук салынышы керек Программага балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү — ата-энесинен толук ажыраган жетимдер (бойго жеткенден тарта) катыша алат
Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири заманбап искусство көргөзмөлөрүнүн бири болгон Венеция биенналесине биринчи жолу толук кандуу улуттук павильон менен катышат. Маданият министрлиги жана Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган долбоор 8-майда ачылат. Кыргыз павильонунун негизги бөлүгүн сүрөтчү жана скульптор Алексей Морозов даярдаган “БЕЛЕК” аттуу санариптик арт-инсталляция түзөт. Долбоор көрүүчүлөрдү Кыргызстандын маданияты, тарыхы жана жаратылышы менен виртуалдык форматта тааныштырат. Павильон Венеция шаарындагы 14-кылымга таандык Санта-Катерина сарайында жайгашат. Долбоордун куратору — Римдеги Боргезе галереясынын өкүлү Джеральдина Леарди.
Жалал-Абадда Улуу Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге куттуктоо иш-чарасы өттү Жалал-Абад облусуда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.Иш-чаранын алкагында коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ардагерлер жана жаш активисттер согуштун ардагерлерин жана тылда эмгектенгендердин үйлөрүнө барып куттуктап чыгышты Катышуучулар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Мурза Далиев жана концлагердин мурдагы туткуну Валентина Симоненко менен жолугушуп, куттуктоо сөздөрүн айтышты жана азык-түлүк топтомдорун тапшырышты.Облустук ассамблеянын өкүлү Кубанычбек Тилекеев ардагерлерге ыраазычылык билдирип, ден соолук жана узак өмүр каалады.Белгиленгендей, ардагер Мурза Далиев 5-май күнү 101 жашка толду.
Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз торлор алынды Токтогул суу сактагычы аймагында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан рейд өткөрүлүп, суудан жалпысынан 1800 метр синтетикалык тор чыгарылды. Маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычынан 800 метр, ал эми Кара-Суу көлү аймагынан кошумча 1000 метр мыйзамсыз тор алынган. Адистер мындай торлор суу экосистемасына олуттуу зыян келтирерин белгилешти. Ошондой эле Алатай жаратылыш аймагы аймагында мыйзамсыз балык уулоого байланыштуу протокол түзүлү