БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ысык-Көлдүн Оттук айылында “Мекен-эне” эстелигинин салтанаттуу ачылышы болду.
Мемориал Россия элчилигинин колдоосу менен “Жеңиш монументтери” коомдук демилгесинин алкагында калыбына келтирилген.
“Мекен-эне” эстелигинин салтанаттуу ачылышы
© Фото / Посольство России в Кыргызстане
Эки айга созулган оңдоо иштерин жергиликтүү тургундар, активисттер жана кайдыгер карабаган жарандар жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө мемориалдын жана айкелдердин келбети калыбына келтирилип, курман болгон жоокерлердин ысымдары кайра жазылып, айланасы жаңыланган.
Ачылыш аземге Россия элчилигинин өкүлдөрү, райондук администрация кызматкерлери, илимпоздор жана ардагерлер катышкан. Иш-чарада “Эскерүү отунун” жалыны тапшырылган.