БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Киевдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин алдын ала эвакуациялоого чакырганын РИА Новости жазды.
Министрлик эгер Киев бийлиги Жеңиш күнүндө чагымчыл аракеттерге барса, анда Россиянын Куралдуу күчтөрү жооп иретинде сокку урарын билдирди.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги Киев бийлигинин Жеңиш күнү Москвага сокку уруу боюнча коркутууларына байланыштуу расмий билдирүү жасаган.
“Россиянын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн бийлигин жана уюм жетекчилерин Киевдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин, ошондой эле жарандарды алдын ала шаардан чыгарып кетүүгө чакырат. Министрлик эгер Киев бийлиги Жеңиш күндөрү чабуул уюштурса, анда Россиянын Куралдуу күчтөрү жооп катары Киевге, анын ичинде чечим кабыл алынуучу борборлорго сокку урарын эскертет”, - деди РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова.