Ошто “Эскерүү багы” үчүн 81 түп кайың отургузушту

Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эл аралык “Эскерүү багы” акциясы өттү.
Иш-чарага Москвадагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнөн алынган Өчпөс оттун жалынын Ошко алып келген россиялык дарыгер жана телеалпаруучу Александр Продеус, Россиянын башкы консулу Роман Свистин, Россия үйүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам, шаар бийлигинин өкүлдөрү, мектеп окуучулары, студенттер жана жергиликтүү тургундар катышты.
1 / 4

“Эскерүү багы” акциясы

2 / 4

“Эскерүү багы” акциясы

3 / 4

“Эскерүү багы” акциясы

4 / 4

“Эскерүү багы” акциясы

Келечекте шаардын паркына айлана турган аймакка Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 81 түп кайың көчөтү отургузулду.
Киселёва: жеңишти алып келген баатырлардын элеси элдин кан-жанында жашайт