БИШКЕК, 7-май — Sputnik. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы жылуулук түйүндөрүндөгү оңдоо иштери аяктаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-майдан тарта система муздак суу менен толтурулат. Ал эми 9-майдан тартып суу ысытылып, тургундарга бериле баштайт.
Алгач ысык суу шаардын борбордук бөлүгүнө берилет, андан кийин түштүк кичи райондорго жеткирилет. Айрым аймактарда, өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарында, ысык суунун толук калыбына келиши бир аз убакытты талап кылышы мүмкүн.
Мэрия тургундарды суу берилген учурда аралаштыргычтагы крандарды жаап, суу ысытуучу бактарды өчүрүп коюуга чакырды.