БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды таратып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ИИББи билдирди.
Тергөөнүн маалыматына караганда, 38 жаштагы шектүү шаардын ар кайсы жерлерине баңгизаттарды катып жүргөн.
Аял кармалганда анын жанынан кара түстөгү пленкага оролгон 43 таңгак синтетикалык баңгизат табылган. Кийин анын көрсөтмөсү менен дагы 50 жерден катылган таңгактар алынган.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.