Ала-Арча паркындагы чокуда калып калган эки япониялык жаран куткарылды

Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Чүй облусундагы Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында жардам сураган Япониянын эки жараны куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облустук ӨКМдин 112 кызматына “Таажы чокусу” тоо үйүндө жаткан эки чет элдик жаран жардам сурап кайрылган. Алардын биринин абалы начарлап кеткен.
Куткаруу иштерине ӨКМдин тоо-кен куткаруу отрядынын сегиз кызматкери тартылган. Алар жерине жетип барып, жабыркаган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Экинчи жарандын абалы туруктуу экени аныкталган.
Жыйынтыгында эки турист тең тоодон түшүрүлүп, Бишкектеги шаардык ооруканага жеткирилди.
Кайгуул милициянын кызматкери сууга секирген чет элдик кызды сактап калды. Видео