БИШКЕК, 7-май — Sputnik. АКШнын терроризмге каршы күрөш боюнча жаңы стратегиясында Европа террористтик коркунучтардын очогу катары бааланды. Бул тууралуу америкалык жаңы стратегиялык документте айтылат.
Анда “Европа олуттуу коркунуч алдында турат жана терроризмдин бутасы гана эмес, террористтик коркунучтарды жаратуучу аймакка да айланды” деп белгиленген.
Ошол эле учурда Европа өлкөлөрү АКШ үчүн терроризмге каршы күрөштөгү эң маанилүү жана узак мөөнөттүү өнөктөштөр бойдон кала берери белгиленген.
АКШ НАТОдогу “бай союздаш” Европа өлкөлөрү террористтерди каржылоо жана аларды азгырып тартуу борборуна айланып кетишине жол берилбеши керек деп эсептейт.
Документте негизги көйгөй катары көзөмөлсүз миграция көрсөтүлгөн. Анда Европанын чек араларынын алсыздыгы жана атайын кызматтардын ресурстарынын жетишсиздиги континентти “америкалыктарга жана европалыктарга каршы чабуулдарды даярдоого ыңгайлуу аймакка” айлантканы белгиленген.