БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө аймагынын басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Ал эми Жалал-Абад, Баткен облустарында күн ачык болуп, жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Таласта +28...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарында +22...+27 градуска жетет.
Бишкек +30...+32, Ош калаасы +32…+34 градуска ысыйт.