Мектептердин жана бала бакчалардын директорлору эми кандай тандалат. Министрлер Кабинети жаңы тартипти бекитти

Sputnik
Кыргызстанда билим берүү тармагындагы кадр саясатын жаңылоо багытында маанилүү кадам жасалды. Министрлер Кабинети мектепке чейинки, жалпы, кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоо боюнча жаңы тартипти бекитти. Бул чечим жетекчилерди конкурстук негизде тандоонун бирдиктүү системасын киргизип, процесстин ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн камсыздоону максат кылат. Жобо тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн биз Билим берүү жана илим министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Чотбаева менен маектештик.