Ардактуу угармандар жанылыктар топтому менен таанышып алыңыздар. Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача...Бишкекте “Жеңиш ырлары” аттуу автожүрүш өттү РФ ТИМи өлкөлөрдү Киевден дипкызматкерлерин эвакуациялоого чакырды Кыргызстанда адам сатуунун курмандыктарын аныктоо механизмине өзгөртүүлөр киргизилди. Алдыда кененирээк токтолобуз...Кыргызстанда адам сатууга байланышкан белгилердин тизмеси кеңейтилип, адам сатуунун курмандыктарын аныктоо механизмине өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Өкмөттөн билдиришкендей, өзгөртүүлөр адам сатууга кабылган жарандарды аныктоо жана аларга жардам көрсөтүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми адам сатуунун белгилерине социалдык тармактар, мессенджерлер, онлайн-сервистер, электрондук байланыш каражаттары жана башка интернет-платформалар аркылуу байланыш түзүү фактылары да киргизилди.
Баткенде селден коргоо иштерин күчөтүү чаралары көрүлүүдө Баткен облусунда Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев сел коркунучу бар аймактарды кыдырып, коргоо чаралары менен таанышты. Министр Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө иштерин текшерди. Ошондой эле Бужум айылындагы жаңы конушту коргоо үчүн сел тосмосун куруу маселеси каралып, тиешелүү документтерди тездетүү тапшырмасы берилди.Мындан тышкары, Таян айылындагы “Ысырык жай” тилкесинде 100 метрлик сел тосмосун куруу зарылдыгы белгиленди. ӨКМ бул аймактарда коргоо иштерин жүргүзөрү маалымдалды.Ошондой эле Кадамжай районундагы Тамаша сайында сел коркунучун азайтуу боюнча жергиликтүү бийлик менен биргелешкен чаралар талкууланды.
Борбор калаада Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган “Жеңиш ырлары” аттуу автожүрүш уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги маалымдагандай, иш-чара тарыхый эстутумду сактоо, жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине урмат көрсөтүү максатында өткөрүлдү. Автожүрүш Бишкектен башталып, Ата-Бейит мемориалдык комплекси аркылуу 73809-аскер бөлүгүнө чейин барып, Беш-Күңгөй айылы аркылуу кайра кайтты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар “Жеңиш” мемориалына гүл коюп, курман болгон баатырларды эскеришти. Ошондой эле согуш жылдарындагы ырлар аткарылды.
РФ ТИМи өлкөлөрдү Киевден дипкызматкерлерин эвакуациялоого чакырды Россиянын Тышкы иштер министрлиги Киевдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин алдын ала эвакуациялоого чакырганын РИА Новости жазды. Министрлик эгер Киев бийлиги Жеңиш күнүндө чагымчыл аракеттерге барса, анда Россиянын Куралдуу күчтөрү жооп иретинде сокку урарын билдирди. Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги Киев бийлигинин Жеңиш күнү Москвага сокку уруу боюнча коркутууларына байланыштуу расмий билдирүү жасаган. “Россиянын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн бийлигин жана уюм жетекчилерин Киевдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин, ошондой эле жарандарды алдын ала шаардан чыгарып кетүүгө чакырат. Министрлик эгер Киев бийлиги Жеңиш күндөрү чабуул уюштурса, анда Россиянын Куралдуу күчтөрү жооп катары Киевге, анын ичинде чечим кабыл алынуучу борборлорго сокку урарын эскертет”, - деди РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова.