Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Мекенибизде саат 1. Бул саатка алынган жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар! Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача... АКШ Европаны террористтик коркунучтардын очогу катары баалады Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектүү жаран кармалдыБаткенде селден коргоо иштерин күчөтүү чаралары көрүлүүдө. Алдыда кененирээк...Баткенде селден коргоо иштерин күчөтүү чаралары көрүлүүдө Баткен облусунда Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев сел коркунучу бар аймактарды кыдырып, коргоо чаралары менен таанышты. Министр Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө иштерин текшерди. Ошондой эле Бужум айылындагы жаңы конушту коргоо үчүн сел тосмосун куруу маселеси каралып, тиешелүү документтерди тездетүү тапшырмасы берилди.Мындан тышкары, Таян айылындагы “Ысырык жай” тилкесинде 100 метрлик сел тосмосун куруу зарылдыгы белгиленди. ӨКМ бул аймактарда коргоо иштерин жүргүзөрү маалымдалды.Ошондой эле Кадамжай районундагы Тамаша сайында сел коркунучун азайтуу боюнча жергиликтүү бийлик менен биргелешкен чаралар талкууланды.
Ала-Арча паркындагы чокуда калып калган эки япониялык жаран куткарылды Чүй облусундагы Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында жардам сураган Япониянын эки жараны куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй облустук ӨКМдин 112 кызматына “Таажы чокусу” тоо үйүндө жаткан эки чет элдик жаран жардам сурап кайрылган. Алардын биринин абалы начарлап кеткен. Куткаруу иштерине ӨКМдин тоо-кен куткаруу отрядынын сегиз кызматкери тартылган. Алар жерине жетип барып, жабыркаган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Экинчи жарандын абалы туруктуу экени аныкталган. Жыйынтыгында эки турист тең тоодон түшүрүлүп, Бишкектеги шаардык ооруканага жеткирилди.
Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектүү жаран кармалдыБишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактысын аныктады Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 5-май күнү «жашыруун калтыруу» ыкмасы аркылуу баңгизат таратып жүргөн жаран тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1988-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалып, андан 43 даана синтетикалык баңгизат салынган түйүнчөктөр табылган. Мындан тышкары, мурда жашырылган жайлардан дагы 50 даана түйүнчөк алынган. Жалпысынан 93 даана синтетикалык баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынып, учурда тергөө иштери уланууда.
АКШнын терроризмге каршы күрөш боюнча жаңы стратегиясында Европа террористтик коркунучтардын очогу катары бааланды. Бул тууралуу америкалык жаңы стратегиялык документте айтылат. Анда “Европа олуттуу коркунуч алдында турат жана терроризмдин бутасы гана эмес, террористтик коркунучтарды жаратуучу аймакка да айланды” деп белгиленген. Ошол эле учурда Европа өлкөлөрү АКШ үчүн терроризмге каршы күрөштөгү эң маанилүү жана узак мөөнөттүү өнөктөштөр бойдон кала берери белгиленген. АКШ НАТОдогу “бай союздаш” Европа өлкөлөрү террористтерди каржылоо жана аларды азгырып тартуу борборуна айланып кетишине жол берилбеши керек деп эсептейт. Документте негизги көйгөй катары көзөмөлсүз миграция көрсөтүлгөн. Анда Европанын чек араларынын алсыздыгы жана атайын кызматтардын ресурстарынын жетишсиздиги континентти “америкалыктарга жана европалыктарга каршы чабуулдарды даярдоого ыңгайлуу аймакка” айлантканы белгиленген.