Ардактуу угармандар жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар. Алгач кыскача...Ошто кайрадан мыйзамсыз курулуштар буздурулууда РФ ТИМи өлкөлөрдү Киевден дипкызматкерлерин эвакуациялоого чакырды Ошко Москвадан “Өчпөсоттун” бөлүкчөсү алып келинди. Алдыда кененирээк...Ош шаарына эл аралык “Эскерүү оту” эстафетасынын алкагында Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин күмбөзү мемориалынан алынган “Өчпөс оттун” бөлүкчөсү жеткирилди. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.Маалыматка ылайык, ыйык отту Элдик фронттун өкүлдөрү, белгилүү дарыгер жана телеалып баруучу Андрей Продеус алып келген.Иш-чарага мэрия өкүлдөрү, Россиянын Башкы консулдугунун кызматкерлери, ардагерлер, аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.Аземдин жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуш баатырларын эскерүүнүн мааниси белгиленип, Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата куттуктоолор айтылды. Ошондой эле жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо жана тарыхый эстутумду сактоо зарылдыгы баса белгиленди.
Ошто кайрадан мыйзамсыз курулуштар буздурулууда Алсак, Ак-Бууранын корук аймагында жайгашкан “Байсан” рестораны бузулууда. Ошондой эле Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар да алынууда. Анын арасында мурдагы вице-мэрге тиешелүү объект дагы бар экени айтылды. Мэр Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен Увам каналынын корук аймагын текшерип, мыйзамсыз объектилерди толугу менен алып салуу боюнча тапшырма берди. Ошондой эле ал жарандарды жана ишкерлерди мыйзам талаптарын сактоого чакырды. Мэрия буга чейин бузулган айрым курулуштардын айланасы кайра өз алдынча тосулганын билдирди. Алар кайрадан демонтаждалууда.
Догдуркүл Кендирбаевага орус тили боюнча жаңы китептердин сертификаты тапшырылды Сертификатты агартуу министри россиялык кесиптеши Сергей Кравцов менен Уфадагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде жолугушканда “Моя история” фонду тапшырды. 2025-жылы Кыргызстанга орус тили боюнча 651 миң окуу китеби жана окуу куралдары берилген. Алар россиялык адистер менен Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү тарабынан биргелешип даярдалган.
Токмок шаарына жакын жерден VII–VIII кылымдарга таандык будда чиркөөсүнүн калдыктары табылды Табылга Кыргыз-япон археологиялык экспедициясынын орто кылымдагы Ак-Бешим (Суяб) шаарчасынын аймагын казуу иштеринин жүрүшүндө аныкталган. Изилдөөлөр 2026-жылдын май айынын башынан бери жүргүзүлүүдө. Археологдор күйгөн кыштан курулган тепкичтерди, пандусту жана платформаны табышкан. Адистердин айтымында, мындай архитектуралык элементтер ошол доордогу храмдарга мүнөздүү. Табылга археолог Бернштамдын 1940-жылдардын аягында бул аймакта будда чиркөө-комплекси болгон деген божомолун тастыктады. Келечекте бул жерде ачык асман алдындагы музей ачуу пландалууда.
РФ ТИМи өлкөлөрдү Киевден дипкызматкерлерин эвакуациялоого чакырды Россиянын Тышкы иштер министрлиги Киевдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин алдын ала эвакуациялоого чакырганын РИА Новости жазды. Министрлик эгер Киев бийлиги Жеңиш күнүндө чагымчыл аракеттерге барса, анда Россиянын Куралдуу күчтөрү жооп иретинде сокку урарын билдирди. Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги Киев бийлигинин Жеңиш күнү Москвага сокку уруу боюнча коркутууларына байланыштуу расмий билдирүү жасаган. “Россиянын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн бийлигин жана уюм жетекчилерин Киевдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин, ошондой эле жарандарды алдын ала шаардан чыгарып кетүүгө чакырат. Министрлик эгер Киев бийлиги Жеңиш күндөрү чабуул уюштурса, анда Россиянын Куралдуу күчтөрү жооп катары Киевге, анын ичинде чечим кабыл алынуучу борборлорго сокку урарын эскертет”, - деди РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова.