Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат

Sputnik
2025-жылдагы ажылык сапарына даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Быйыл Кыргызстан үчүн 6060 квота бөлүнүп, миңдеген жарандар ыйык сапарга аттанганы турат. Сауд Арабиясы коопсуздук талаптарын кескин күчөтүп, ажылыкка уруксатсыз кирүүгө тыюу салуу, катуу көзөмөл жана жаңы эрежелерди киргизди. Бул чаралар зыяратчылардын коопсуздугун камсыздоо жана элдин ашыкча топтолушун алдын алуу максатын көздөйт. Исламдагы эң чоң ибадаттардын бири болгон ажылыкка даярдык тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылык бөлүмүнүн башчысы Давранбек Жунусалиев жана муфтияттын ажылык бөлүмүнүн адиси Абдулазиз Туташбаев жооп берди.