Жеңишке 3 күн калганда курман болгон Иван Сериковдун эрдиги

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 1945-жылдын 6-майында гвардиянын сержанты Иван Сериков немец снайперинин огунан каза болгон.
Ал болгону 26 жашта эле, бирок буга чейин эле Даңк орденинин толук кавалери болгон.
20-гвардиялык механикалаштырылган бригаданын узун бойлуу, токтоо мүнөздөгү пулемётчусу Иван салгылаш маалында таптакыр башкача адамга айланчу. Анын эрдиги тууралуу уламыштар айтылып келген. Ал үчүн “тил” кармап келүү, душмандын катарына биринчи болуп кирип баруу же пулемёттук чекитти граната менен жок кылуу кадимки эле көрүнүш болчу. Гвардиянын сержанты Иван Сериков душмандын ондогон жоокерлери менен офицерлерин жок кылган.
“Мен Берлинге биринчи болуп киришим керек, бул жараатым эч нерсе эмес, айыгып кетем”, — деген Сериков санитардык бөлүмдө жатып, башындагы ак таңгычты оңдоп.
Айтканындай эле Берлинге биринчилерден болуп кирип, ошол жерде каза тапкан. Согуштун төртүнчү жылы өтүп жаткан. Жеңишке болгону үч күн калган эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Жеңиш күнүнүн урматына ок атылбай турганын жар салды