Трамп Ормуз кысыгындагы кемелерди коштоп жүрүү миссиясы токтотулганын жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. АКШ Ормуз кысыгындагы кемелерди коштоп жүрүүгө байланыштуу “Эркиндик долбоору” миссиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.
“Пакистан жана башка өлкөлөрдүн өтүнүчтөрүн, ошондой эле Иран өкүлдөрү менен акыркы келишимге жетишүү багытында олуттуу жылыш болгонун эске алып, тараптар өз ара макулдашуу менен “Эркиндик долбоору” миссиясын убактылуу токтотууну чечишти. Бул убакыт аралыгында келишимди толук бүтүрүп, кол коюу мүмкүнчүлүгү каралат”, - деп ал Truth Social социалдык тармагына жазды.
Жекшемби күнү Ак үйдүн башчысы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү АКШдан Ормузда бөгөттөлгөн кемелерди бошотуп берүүнү суранганын айтып, ошондуктан “Эркиндик долбоору” операциясы башталганын жарыялаган.
Axios басылмасы жазгандай, америкалык флот ирандык аскерлер тараптан болушу мүмкүн болгон чабуулдардын алдын алуу максатында коммерциялык кемелердин жанында коштоп жүрмөк. Мындан тышкары, АКШ деңизчилерге коопсуз өтүү багыттары боюнча маалымат берүүнү да пландаган.
Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын башчысы Ebrahim Azizi Ормуз кысыгындагы кеме каттамына ар кандай кийлигишүү элдешүү келишимин бузуу катары кабыл алынарын эскерткен.
"БАЭдеги мунай аймактарын өрттөдү". Тегеран АКШнын кылгандарын ачыктап жатат