БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Токмок шаарына жакын жерден VII–VIII кылымдарга таандык будда чиркөөсүнүн калдыктары табылды.
Табылга Кыргыз-япон археологиялык экспедициясынын орто кылымдагы Ак-Бешим (Суяб) шаарчасынын аймагын казуу иштеринин жүрүшүндө аныкталган. Изилдөөлөр 2026-жылдын май айынын башынан бери жүргүзүлүүдө.
Археологдор күйгөн кыштан курулган тепкичтерди, пандусту жана платформаны табышкан. Адистердин айтымында, мындай архитектуралык элементтер ошол доордогу храмдарга мүнөздүү.
Табылга археолог Бернштамдын 1940-жылдардын аягында бул аймакта будда чиркөө-комплекси болгон деген божомолун тастыктады. Келечекте бул жерде ачык асман алдындагы музей ачуу пландалууда.
Суяб VI–XI кылымдарда Батыш Түрк каганатынын борбору болгон.