БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкекке "Эскерүү оту" — Кремлдин алдындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди.
Аны сүзүү боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону, теле алып баруучу жана актриса Мария Киселёва алып келди. Отту өткөрүп берүү аземи Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта болду.
Буга чейин дарыгер жана теле алып баруучу Андрей Продеус Өчпөс оттун бөлүкчөсүн Ошко да жеткирген.
“Эскерүү оту” — эл аралык акция. Кыргызстанга от салынган чырактарды Россиядагы “Народный фронт” уюмунун активисттери Россотрудничествонун колдоосу менен алып келишкен.