БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек арасында ири “Достук” соода-экономикалык паркы курулат.
Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон сапарынын жүрүшүндө долбоордун концепциясы жана башкы планы менен таанышты. Парктын аянты 100 гектарды түзүп, анда административдик, өндүрүштүк, логистикалык жана эс алуу аймактары болот. Долбоордун алкагында 5 миң жумуш орду түзүлөт.
Туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, эл аралык маданий иш-чараларды, этнофестивалдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү пландалууда. Бул маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө жана Улуу Жибек жолунун тарыхый мурасын жайылтууга өбөлгө түзөт.
Жапаров тараптардын өз ара колдоосу менен бул долбоор соода жана инвестиция үчүн ири аянтчага айланып, Борбор Азия элдеринин тынчтыгынын, ишениминин жана биримдигинин символу болооруна ишеним артты.